Газада каза болгон палестиналыктардын саны 20 миң 57, жаракат алгандардын саны 53 320га жетти
Израиль армиясы Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус, Рефах жана түндүктөгү Жебалия шаарларына жасаган кол салууларында кеминде 76 палестиналыкты өлтүрдү.
Израиль 7 - октябрдан бери катуу бомбалаган Газа тилкесинде каза болгон палестиналыктардын саны 20 миң 57, жаракат алгандардын саны 53 320га жетти.
Израиль армиясы Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус, Рефах жана түндүктөгү Жебалия шаарларына жасаган кол салууларында кеминде 76 палестиналыкты өлтүрдү.
Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги Рефах шаарында "саламаттыкты сактоо боюнча кырсык" болгонун жарыялады.
Ливанда Хибуллахтын ракета менен жасаган кол салууларында 1 израилдик аскер каза болуп, 1 аскер оор жаракат алды.
Израиль күчтөрү басып алынган Батыш Шерианын көптөгөн жерлерине түнкү рейддерди жүргүзүп, көп сандаган палестиналыкты камоого алды.
Бир тараптан Газага жардамдарды жеткирүү үчүн чукул кадамдарды талап кылган чечим долбоору Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде кабыл алынды.
Ок атышууну токтотуу чакыруусу жасалбаган чечим долбооруна добуш берүүдө АКШ менен Россия калыс болду.
Палестина башкаруусу Газага жардамдардын кириши үчүн чукул кадамдардын ташталышын күткөн чечим долбоорунун БУУнун Коопсуздук кеңешинде кабыл алынышын, кеч калса да Газадагы кол салуулардын акырына чыгуу жолунда ташталган кадам катары мүнөздөдү.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.