Француз аскерлери Нигерден чыкты

Элчи кризиси менен бирге Нигердеги аскердик башкаруу Париж менен кызматташуу келишимдерин да токтотуп,  француз аскерлеринин өлкөдөн кетишин талап кылган.

2079951
Француз аскерлери Нигерден чыкты

Нигерде аскерлердин башкарууну колго алуусу менен француз аскерлери өлкөдөн чыкты. 

Нигерде кызмат кылган  1500 аскерден  1346сы азыркы учурда Францияга кайтып, калган  154 аскер да өлкөдөн чыкты. 

Француз аскерлери борбор шаар Ниамейдеги француз аскердик базасын Нигер бийлигине азем менен өткөрүп беришти.

Бир тараптан Франциянын Ниамейдеги элчилиги «Нигер бийлигинин чектөөлөрүнөн улам элчилик өз милдеттерин аткара албады» деген негиз менен 22-декабрдан тарта жабылган.

26-июлда Нигерде бийликти колго алган аскердик өкмөт Франциянын Ниамейдеги элчиси Сильвен Иттеге 25-августта өлкөдөн чыгып кетүүгө 48 саат берген, бирок элчи Итте өлкөдөн чыккан эмес.

Элчи Итте өлкөдөн 27-сентябрда кааланбаган киши  деп жарыялангандан бир айдан кийин чыгып кеткен.

Элчи кризиси менен бирге Нигердеги аскердик башкаруу Париж менен кызматташуу келишимдерин да токтотуп,  француз аскерлеринин өлкөдөн кетишин талап кылган.

 

 



Тектеш кабарлар