Мадуро Путин менен сүйлөшүү өткөрдү
Мадуро X социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө: «Биз Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу достук маанайда сүйлөштүк»,-деди.
Венесуэланын президенти Николас Мадуро Орусиянын президенти Владимир Путинге эки өлкөнүн бекем биримдиги бар экенин айтты.
Мадуро X социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө: «Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу достук маанайда сүйлөшүү өткөрдүк»,-деди.
Сүйлөшүүдө «Орусия-Венесуэла эки тараптуу карым-катнаштарынын алкагында кеңири кызматташтык жана түрдүү темаларды» карагандарын белгилеген Мадуро: «Биз боордош элдербиз жана бузулбас биримдигибиз бар»,-деп айтты.
Мадуро билдирүүсүндө, Орусиянын президенти Путин менен мурда түшкөн фотосүрөтүнө да орун берди.
Венесуэланын Тышкы иштер министрлигинин интернет сайтында жарыяланган билдирүүдө болсо эки өлкөнүн стратегиялык карым-катнаштарынын маанисине басым жасалып, «Эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык келишими талкууланды. Сүйлөшүү эң сонун өттү»,-делди.