Кытайдагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 148ге жетти

Кытайдын сейсмология борбору, 18-декабрда түн ортосуна бир мүнөт калганда эпицентри Цишишан Баоан Донсян жана Салар автономиялуу округунда катталган 6,2 баллдык жер титирөө болгонун билдирген.

2079818
Кытайдагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 148ге жетти

Кытайдын түндүк-батышындагы Ганьсу провинциясында катталган 6,2 баллдык жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 148ге жетти.

Жергиликтүү жетекчилердин билдирүүсүнө караганда, Ганьсу провинциясында 117 адам, коңшулаш Цинхай провинциясында 31 адам каза болду.

Ушундайча жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 148ге жетти.

Кытайдын сейсмология борбору, 18-декабрда түн ортосуна бир мүнөт калганда эпицентри Цишишан Баоан Донсян жана Салар автономиялуу округунда катталган 6,2 баллдык жер титирөө болгонун билдирген.

Жер титирөөдөн улам эки облустун чек арасына жакын аймакта миңдеген үйлөр кыйрап, суу жана электр зымдары, транспорт инфраструктурасы жана байланыш линиялары зыянга учураган.

Жер титирөөдөн 1000ден ашуун адам жаракат алган. Гансуда 288 жана Цинхайда 166 адам дагы деле ооруканаларда дарыланууда.

Зыян тарткан конуштарда жашаган 87 миң адам коопсуз аймактарга жайгаштырылып, аймакта 14 миң курама убактылуу үй курула турганы маалымдалган. 

Мусулман этникалык азчылыктар басымдуулук кылган аймакта жер титирөөдөн жапа чеккендер кыштын суук шарттарында баш калкалоо маселесин чечүүгө аргасыз.



Тектеш кабарлар