Кытайдагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 131ге жетти

Мезгилдик суук толкундан таасирленген аймакта абанын температурасы 14 градуска чейин төмөндөп, издөө-куткаруу иштерин кыйындатууда.

2079128
Кытайдагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 131ге жетти

Кытайдын Гансу провинциясында катталган 6,2 баллдык жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 131ге жетти.

Жергиликтүү жетекчилердин билдирүүсө караганда, Ганьсу провинциясында 113 адам, коңшулаш Цинхай провинциясында 18 адам каза тапты.

Кытайдын сейсмология борбору (CENC) 6,2 баллдык жер титирөөнүн 18-декабрда түн ортосуна бир мүнөт калганда болгонун, эпицентри Цишишан Баоан Донсян жана Салар автономиялуу округунда катталганын билдирди.

Жер титирөөнүн себебинен эки облустун чек арасына жакын аймакта көптөгөн үйлөр кыйрап, суу жана электр зымдары, транспорт инфраструктурасы жана байланыш линиялары зыянга учурады.

Жер титирөөдөн 1000ден ашуун адам жаракат алып, зыян тарткан конуштардагы 87 миң киши коопсуз аймактарга жайгаштырылды.

Мезгилдик суук толкундан таасирленген аймакта абанын температурасы 14 градуска чейин төмөндөп, издөө-куткаруу иштерин кыйындатууда.



Тектеш кабарлар