Биньямин Нетаньяху Газа тилкесиндеги кол салууларды акырына чейин уланта тургандарын айтты

Нетаньяху Израиль армиясынын Газадагы кол салууларына байланыштуу басма сөзгө маалымат берди.

2079090
Биньямин Нетаньяху Газа тилкесиндеги кол салууларды акырына чейин уланта тургандарын айтты

Израилдин премьер - министри Биньямин Нетаньяху Газа тилкесинде 75 күндөн бери уланып жаткан кол салууларды жана кыргындарды акырына чейин уланта тургандарын баса белгилеп :  «Токтотууну ойлогондордун чындык менен байланышы жок»,-деди. 

Нетаньяху Израиль армиясынын Газадагы кол салууларына байланыштуу басма сөзгө маалымат берди. 

Согушту акырына чейин уланта тургандарын айткан Израилдин премьер  - министри : "Хамасты жок кылганга чейин, жеңишке жетишкенге чейин улантылат. Токтой турганыбызды ойлогондордун чындык менен байланышы жок. Хамастын жок кылынышы, барымталарыбыздын бошотулушу жана Газада коркунучту жок кылганга чейин күрөшүүнү улантабыз",- деди. 

Нетаньяху Израиль армиясынын Газада жарандарды бутага алган кыргынды : "Хамаска тозоктун оту менен кол салуудабыз. Тандай турган эки гана жолдору бар : багынуу же өлүү",- деген сөздөр менен жактады.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары 7 -  октябрда Израилге "Акса топону" деп аталган кенен кол салуу баштаганын жарыялаган. Израиль армиясы да буга жооп катары аскердик учактары менен Газа тилкесине "Темир кылычтар" операциясын баштаганын билдирген.

Күч алган чыңалуда көпчүлүгү балдар болгон 20 миңден ашуун палестиналык каза болду. 

 

 



Тектеш кабарлар