АКШда 48 жылдан кийин келген эркиндик

48 жыл 1 ай 18 күн абакта отурган жана адвокаттарынын арызынан кийин прокурорлор тарабынан бошотулган 71 жаштагы Глинн Симмонстун күнөөсүз экендигине чечим чыгарды.

2079271
АКШда 48 жылдан кийин келген эркиндик

Америка Кошмо Штаттарында 50 жыл абакта жаткан туткундун күнөөсүз экендиги белгилүү болду.

АКШда Оклахома райондук сотунун судьясы Эми Палумбо адам өлтүргөн деген айып менен 48 жыл 1 ай 18 күн абакта отурган жана адвокаттарынын арызынан кийин прокурорлор тарабынан бошотулган 71 жаштагы Глинн Симмонстун күнөөсүз экендигине чечим чыгарды.

Симмонс эркиндикке чыккандан кийин адвокаттарынын сотко берген нааразычылыгына баа берген Палумбо чечиминде : "Сотубуз урматтуу Симмонс соттолгон, өкүм чыгарылган кылмышты Симмонстун кылбагандыгына байланыштуу далилдерди тапты",- деди. 

Симмонс соттун чечиминен кийин  өткөргөн пресс  - жыйынында : "Бул чыдамкайлыктын жана туруктуулуктун сабагы",- деди. 

Глинн Симмонс Дон Робертс аттуу адам менен  1974 -  жылы Луизианада болгон киши өлтүрүү окуясынан улам 1975 -  жылы  үчүн өлүм жазасына тартылган андан кийин жазасы   өмүр бою абак жазасына  айландырылган. 

Робертс 2008 - жылы күрөөгө бошотулган, ал эми Симмонс июль айында  прокурорлор тарабынан  күнөөсүз деп табалгандан кийин бошотулган.

Симмонс Америка Кошмо Штаттарында абакта "күнөөсүз"  эң узун убакыт отурган киши катары  тарыхта калды.

 

 



Тектеш кабарлар