АКШ, Түштүк Корея, Япония Түндүк Кореянын баллистикалык ракета учуруусун айыпташты

Америка Кошмо Штаттары, Түштүк Корея жана Япония биргелешкен билдирүүсүндө Түндүк Кореянын 17 - 18 - декабрда Япон деңизине (Чыгыш деңизи) карай эки башка баллистикалык ракета учуруусун айыпташты.

2079353

АКШнын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматына караганда АКШ, Түштүк Корея жана Япониянын тышкы иштер министрлери Түндүк Кореянын баллистикалык ракета учуруу сынактарына байланыштуу  биргелешкен билдирүү жарыялады. 

Пхеньяндын  уланып жаткан "көкүтүүлөрүнүн" Корея жарым аралында аймактык жана эл аралык тынчтык жана коопсуздукту коркунучка салгандыгы белгиленген билдирүүдө : "АКШ, Япония жана Түштүк Корея Түндүк Кореянын  17 - 18 -  декабрда ишке ашырган араларында континенттер аралык ракета да болгон баллистикалык ракета  учурууларын катуу айыптайт",- деп айтылды. 

Билдирүүдө Түндүк Кореянын өзөктүк жана баллистикалык ракета программаларын токтотуу чакырыгы кайталанып, Пхеньяндын ракета учуруусу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин бузганы белгиленди.

Бир тараптан Түндүк Кореянын Борбордук кабар агенттигинин (KCNA) кабарына караганда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышкан иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө баллистикалык ракета атууларына токтолду.

Ким баллистикалык ракетанын "душман тарабынан өзөктүк куралдар көкүтө турган болсо   өзөктүк чабуулдан кайра тартпай тургандарын" көрсөткөнүн белгиледи.

Тектеш кабарлар