Мейрав Коэн Нетаньяхунун кызматтан алынышын талап кылды

Коэн Х платформасынан жарыялаган видеодо согуштун ортосунда бул сөздөрдү айтуунун өзүнө кыйынчылык жараткандыгын бирок башка чаресинин жок экендигин айтты.

2078615
Мейрав Коэн Нетаньяхунун  кызматтан алынышын талап кылды

Израилде оппозициядагы Йеш Атид (Келечек бар) партиясынын парламент мүчөсү Мейрав Коэн премьер - министр Биньямин Нетаньяхунун кызматтан алынышын талап кылып, аны мамлекеттин мойнундагы “тегирмен ташы” деп мүнөздөдү.

Коэн Х платформасынан жарыялаган видеодо согуштун ортосунда бул сөздөрдү айтуунун өзүнө кыйынчылык жараткандыгын бирок башка чаресинин жок экендигин айтты.

Коэн : "Премьер  -  министр ийгиликсиз болгондо ийгиликсиз болууну улантканда жана бул позицияга татыктуу эмес экендигин, жаңылыш жерде, жаңылыш убакта, жаңылыш киши экендигин далилдегенде  дароо алмаштырылышы керек.  Бизге муну  Экинчи дүйнөлүк согушунун башталышынан 9 айдан кийин 1940  -  жылы  10 -  майда премьер - министри Невилл Чемберленди алмаштырган британиялыктар үйрөттү",- деди.   

"Азыр убактысы эмес" дегендердин боло турганын айткан Коэн : "Бирок (Британиянын мурдагы премьер  - министри Винстон) Черчилль согуш учурунда Чемберлендин ордун алып Британияда бир биримдик өкмөтүн түзбөгөндө  бүгүн дүйнө кандай болмок? Нетаньяху ийгиликсиз",- деп баа берди. 

Нетаньяхунун согуштан кийин өлкөнүн түштүгү жана түндүгүндөгү үйлөрүн бошоткон израилдиктердин маселелерин чече албагандыгын белгилеген Коэн  коалициясынын бийликке келиши үчүн мамлекеттик казынанын тонолгондугун жактаган 2023 - жылдын бюджетинин  коопсуздук жактан  ийгиликсиз бюджет болгонун айтты.

Коэн : "Нетаньяху премьер  - министр  катары Израиль мамлекети жана коомчулуктун мойнундагы бир тегирмен ташы болду",- деп баа берди. 

 



Тектеш кабарлар