Hyundai Орусиядагы өндүрүштүк ишканасын сатат
Рейтер агенттиги, буга чейин Hyundai Орусиядагы өндүрүштүк ишканасын сатуу менен өз чыгымдарын болжол менен 219,2 миллион долларга азайтат деп жарыялаган.
2078873
Түштүк кореялык Hyundai автоунаа компаниясы Орусиядагы өндүрүштүк ишканасын сатууну чечти.
Hyundai тарабынан жарыяланган билдирүүдө, Орусиядагы иш-аракеттердин 2022-жылдын март айынан бери токтотулганы эске салынып, өлкөдөгү өндүрүш объектисин сатуу чечими чыгарылганы айтылды.
Компаниянын Орусиядагы Hyundai Motor Production (HMMR LLC) компаниясынын бардык акцияларын Art-Finance LLCга сатуу планын жактырганы кабарланган билдирүүдө, Хундайдын Арт-Финанс менен келишимдин акыркы деталдарын иштеп жатканы маалымдалды.
Рейтер агенттиги, буга чейин Hyundai Орусиядагы өндүрүштүк ишканасын сатуу менен өз чыгымдарын болжол менен 219,2 миллион долларга азайтат деп жарыялаган.