Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Газа тилкесине кол салууларда 19 миңге жакын палестиналык набыт болду.

2077711
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат

Израиль дүйнөнүн көз алдында геноцид кылмышын улантып жатат.

Газа тилкесине кол салууларда 19 миңге жакын палестиналык набыт болду. Жаракат алгандардын саны 51 миңден ашты.

Израиль армиясы түндүктөгү Жебалияны бутага алды. Газадагы саламаттыкты сактоо министрлиги кол салуудан 100 кишинин каза болгонун кабарлады.

Израиль армиясы ошондой эле Газанын Хан-Юнус шаарындагы Насер ооруканасынын педиатрия бөлүмүнө сокку урду. Кол салуудан кийин дарыланган көптөгөн бейтаптар эвакуацияланууга аракет кылынды.

Кемал Адван ооруканасынын алдында болсо медицина кызматкерлери басма сөзгө билдирүү жасап жатканда Израиль аскерлери ок чыгарды.

Израилдин катуу бомбалоосун кабылган Газа тилкесинин түндүгүндөгү Бейт-Лахья шаары жер менен жексен болду.

Израиль армиясы, Газага чабуулунда дагы бир журналистти өлтүрдү. Журналист Ханин ал-Каштандын «Нусайрат» качкындар лагериндеги бомбалоодон каза болгондугу билдирилди.

Израилдик снайперлер Газадагы бир журналистти да бутага алышты.

Бутунан жаракат алган жана абалын тарткан видеосу менен түшүндүргөн журналист Мухаммед Баглуша менен андан соң байланыш курула алган жок.  

Израиль армиясы Газада дагы 3 аскеринин өлгөнүн жарыялап, өлгөн аскерлеринин санын 122 деп жаңылады.

Туткундар темасында сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлүшү үчүн коомчулуктун катуу кысымына кабылган Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жаңы сүйлөшүүлөрдүн баштала турганын айтты. Бирок Хамас Нетаньяхунун сөздөрүн четке кагып: «Сионисттик агрессия биротоло токтотулмайынча эч кандай сүйлөшүүлөр болбойт»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар