Евробиримдиктин лидерлери жылдын акыркы саммитине чогулат

ЕБнин лидерлер саммити эки күнгө созулат.

2076267
Евробиримдиктин лидерлери жылдын акыркы саммитине чогулат

Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн лидерлери эртең Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугушат.

Брюсселде Евробиримдикке мүчө 27 өлкөнүн мамлекет же өкмөт башчыларынын катышуусунда баштала турган ЕБ лидерлер саммити эки күнгө созулат.

Саммитте Украинага колдоону улантуу, Израиль-Палестина жаңжалына карата бирдиктүү позиция, кеңейүү жана Биримдиктин бюджетин өзгөртүү сыяктуу ар түрдүү маселелер каралат.

Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Шарль Мишель жетектей турган жыйынга ЕБ комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен ЕБнин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель катышат.



Тектеш кабарлар