Газада каза тапкандардын саны көбөйүүдө
Каза болгондордун санынын көбү балдар жана аялдардан турган 18 миң 412ге, жаралангандардын санынын да 50 миң 100гө жеткени билдирилди.
![Газада каза тапкандардын саны көбөйүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/890a/1dda/703d/6576ad653110f.jpg?time=1718743638)
Израиль аскерлеринин блокададагы Газа тилкесине карай кол салууларында балдар да арасында болгон 22 палестиналыктын каза тапкандыгы жана көп сандаган кишинин жараланганы билдирилди.
Палестинанын расмий WAFA агенттигинин темага байланыштуу кабарында, Израилдин Хан Юнустун түштүгү, батышы жана баш калкалоочу лагер менен бирге ар кайсы жерлерге кол салганы кабарланды.
Газа тилкесинин Дейр эл-Белех аймагында да Израилдин кол салууларынын натыйжасында Фетаир үй-бүлөсүнөн 2 баланын каза болгондугу маалымдалды.
Газа өкмөтү, Израилдин блокададагы Газа тилкесине 7-октябрдан бери уланып жаткан кол салууларында каза болгондордун санынын көбү балдар жана аялдардан турган 18 миң 412ге, жаралангандардын санынын да 50 миң 100гө жеткенин билдирген.
Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.
Буга жооп катары Израиль армиясы да согуштук учактар менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718743638)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.