АКШ Орусиядан уран импорттоого тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды
Мыйзам долбоору күчүнө кириши үчүн Сенаттан да өтүп, президент Жо Байден кол коюшу керек.
АКШнын Өкүлдөр палатасында, Орусиядан уран импорттоого тыюу салынышын көздөгөн мыйзам долбоору бекитилди.
Буга караганда, мыйзам долбоору күчүнө киргенден 90 күн өткөндөн кийин Орусиядан уранды импорттоого тыюу салынат.
Мыйзам долбоорунда эгер АКШнын энергетика министри атомдук реактордун же АКШнын атомдук энергетика компаниясынын иштеши үчүн альтернативалуу булак жок деп аныктаса же жөнөтүүлөр улуттук кызыкчылыкка туура келсе, Орусиядан аз байытылган уранды импорттоого уруксат берген жеңилдиктерди камтыганы айтылды.
Мыйзам долбоору күчүнө кириши үчүн Сенаттан да өтүп, президент Жо Байден кол коюшу керек.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.