Газада каза тапкандардын саны көбөйүүдө
Израилдин Газага кол салуулары уланып жатат.
Газа тилкесинде Израилдин кол салууларынан каза болгон палестиналыктардын саны 17 миң 997ге жетти.
Газа өкмөтү, Израилдин блокададагы Газа тилкесине 7-октябрдан бери уланып жаткан кол салууларында каза тапкандардын санынын көбү балдар жана аялдар болгон 17 миң 997ге жеткенин билдирди.
Палестинанын WAFA агенттигинин маалыматына караганда, Израилдин согуштук учактары Рефах шаарынын Тель-эс-Султан кварталындагы бир үйдү бомбалады. Кол салууда көбү балдар 6 палестиналык каза болуп, көп сандаган киши жараланды.
Нусейрат качкындар лагеринде да бир үйгө жасалган кол салууда 3ү бала 5 палестиналык каза болду.
Израиль күчтөрү ошондой эле Газанын борбордук бөлүгүндөгү Аль-Мегази качкындар лагерине, Газанын чыгышындагы Аль-Шужайя районуна жана түндүгүндөгү Жебалия качкындар лагерине да көп сандаган аба соккуларын жасады.
Израиль армиясы жер которгон жүздөгөн адамдар жайгашкан Жебалия качкындар лагеринде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мектебин бомбалады.
Кол салууда көп сандаган кишинин каза болгондугу жана жараланганы кабарланды.
Тектеш кабарлар
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.