Катарда 21-Доха форуму башталды

Катардын расмий агенттиги QNAнын кабарына караганда министр Аль Тани борбор шаар Дохада «Орток келечекти курууга карай» темасы менен эки күнгө созула турган 21-Доха форумунун ачылышында сөз сүйлөдү.

2074740
Катарда 21-Доха форуму башталды

Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдуррахман Аль Тани Газада болгондордун эл аралык коомчулуктун кош стандарттарын ачыкка чыгарганын белгилеп, өлкөсүнүн ок атышпоо аракетинин уланып жатканын билдирди.

Катардын расмий агенттиги QNAнын кабарына караганда министр Аль Тани борбор шаар Дохада «Орток келечекти курууга карай» темасы менен эки күнгө созула турган 21-Доха форумунун ачылышында сөз сүйлөдү.

Аль Тани: «Учурдагы кризис (Газада) Чыгыш менен Батыштын жана кийинки муундардын ортосундагы ажырымдын көлөмүн жана эл аралык коомчулуктагы кош стандарттарды ачык көрсөттү»,- деди.

Катар министри анын өлкөсү чыр-чатактарды жөнгө салууда ортомчулуктун маанилүүлүгүнө ишенерин жана буга жетишүү үчүн аракет кылып жатканын билдирди.

Форумда «эл аралык мамилелер жана коопсуздук, кибер коопсуздук жана жасалма интеллект, экономикалык өнүгүү жана туруктуулук» сыяктуу актуалдуу маселелер, ошондой эле Газадагы абал, энергетика коопсуздугу жана азык-түлүк коопсуздугу талкууланат.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары Израилдин «палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Месчит-и Аксага каршы тынымсыз бузууларына» жооп катары 7-октябрдын таңында «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулду баштаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Күчөгөн кагылышуулардан көбү балдар болгон 17 миңден ашуун палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар