Израилдин Газага кол салуулары...

Израиль түн ичинде Газа тилкесиндеги кыргындарын улантты.

2074649
Израилдин Газага кол салуулары...

Израиль армиясынын блокададагы Газа тилкесинин түштүгүндө бир үйдү бомбалоосунда 10 жай тургун каза болду.

Израиль түн ичинде Газа тилкесиндеги кыргындарын улантты.

Көптөгөн пункттарга чабуул жасалып, көптөгөн палестиналыктардын өмүрү кыйылды.

Израиль армиясынын согуштук учактары Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнустагы үйдү бомбалап, көбү балдар болгон 10 киши каза болду.

Израилдин Газа тилкесине 7-октябрдан бери кол салууларынан каза болгон палестиналыктардын саны 17 миң 700гө жетти.

Хан Юнуска карай кол салууларда 2 журналист да каза болду. Палестина аймагында Израиль тарабынан өлтүрүлгөн журналисттердин саны 84кө жетти.

Израиль Хан Юнустагы медиктерди да бутага алды.

Газадагы Европа ооруканасынан жасалган билдирүүдө Израиль бутага алгандыктан жаралууларга медициналык топтордун жете албаганы белгиленди.

Жабыркагандардын айрымдары ооруканага жеткириле албагандыктан көчөдө калганы айтылды.

Газанын түндүгүндөгү Аль-Авда ооруканасы да 5-декабрдан бери Израилдин курчоосунда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму оорукананын эки медициналык кызматкери кызмат учурунда каза болгонун жарыялады.

Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин дарыкана башкы директору Ашраф Абу Мехади да Шифа ооруканасын дары-дармек жана медициналык каражат менен камсыз кылууга аракет кылып жатканда израилдик снайперлердин чабуулуна кабылды.

Кол салууда Абу Мехади жарадар болуп, аймакка келген тез жардамга да ок атылды.

Израиль армиясы Газанын Бейт-Лахья аймагында миңдеген жер которгон палестиналык баш калкалаган мектепке да кол салып, мектепке баш калкалаган кишилерди кармап кетти.

Израиль армиясы менен Кассам бригадаларынын ортосунда кагылышуулар уланууда.

Израилдин Yedioth Ahronot гезити 7-октябрдан бери 5 миңден ашуун израилдик жоокер жарадар болгонун жазды.

Коргоо министрлигинин маалыматына таянган кабарда 2 миң аскердин майып деп таанылганы белгиленди.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары Израилдин «палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Месчит-и Аксага каршы тынымсыз бузууларына» жооп катары 7-октябрдын таңында «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулду баштаган. Израиль армиясы да Газа тилкесин абадан катуу бомбалоону баштады.

Кагылышууда эки тараптан тең миңдеген адамдар каза болду.



Тектеш кабарлар