Иранда мунай резервуарына кирип кеткен 5 жумушчу каза болду
Танкта камалып калган башка жумушчуларды чыгаруу аракеттери уланып жатканда, окуя болгон жерге эксперттик топтор жөнөп кетти.
2074743
![Иранда мунай резервуарына кирип кеткен 5 жумушчу каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/267f/73a1/b95d/6575b03182652.jpg?time=1718750311)
Ирандын Лорестан провинциясында мунай ташуучу станцияда күйүүчү май багын тереңдетип, оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан 5 жумушчу күкүрт суутек газына дуушар болуп каза тапты.
Танкта камалып калган башка жумушчуларды чыгаруу аракеттери уланып жатканда, окуя болгон жерге эксперттик топтор жөнөп кетти.
Жооптуу кызматкерлер, резервуардагы мунайзаттарды чыгарууга киришкендерин, бирок уулуу газдын көптүгүнөн улам сөз болуп жаткан жумушчулардын аман калуу мүмкүнчүлүгү аз болгонун белгиледи.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718750311)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.