Гутерриш: «БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишенимине доо кетти»

Катардын борбор шаары Дохада өткөрүлгөн Доха форумунда сүйлөгөн сөзүндө Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешинин структурасында радикалдуу реформаларга муктаждык бар экенине көңүл бурду.

2074721
Гутерриш: «БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ишенимине доо кетти»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш, Газадагы гуманитардык ок ​​атышпоо чечимин ишке ашырууга күчү жетпегени үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин беделине жана ишенимине доо кеткенин айтты.

Катардын борбор шаары Дохада өткөрүлгөн Доха форумунда сүйлөгөн сөзүндө Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешинин структурасында радикалдуу реформаларга муктаждык бар экенине көңүл бурду.

Гутерриш: «Газада ок атышпоо тууралуу чечим чыгарууга күчү жетпегендиктен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бедели жана ишенимине доо кетти»,-деп айтып, гуманитардык ок ​​атышууну токтотуу чакырыгынан баш тартпай турганын билдирди.

Газа тилкесинде жарандар үчүн эффективдүү коргоо жок экенин баса белгилеген Гутерриш, жапа чеккендердин санынын болуп көрбөгөндөй деңгээлде экенин белгиледи.

Өткөн күнү АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Газадагы ок атышууну тез арада токтотууну талап кылган резолюциясына вето койгон болчу.

Ушундан улам БУУнун Коопсуздук Кеңешинин түзүмү өзгөчө Түркия тарабынан катуу сынга алынды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган АКШнын ветосуна катуу жооп кайтарды.

Эрдоган көптөгөн мамлекеттердин аракетине карабастан бир гана мамлекеттин чечими менен ок атышпоонун ишке ашпай калганын сынга алды.



Тектеш кабарлар