АКШнын Politico журналында АКШ-Израиль чыңалуусу жарыяланды

Politico гезитинин жазганына караганда, АКШ өкмөтүнүн Израилдин Газага кол салууларын жылдын аягына чейин токтотууcун каалаганы айтылды.

2074718
АКШнын Politico журналында АКШ-Израиль чыңалуусу жарыяланды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) өкмөтүнүн Израилдин Газага кол салууларын жылдын аягына чейин токтотууcун каалаганы айтылды.

Мындай айтым америкалык Politico журналында жарыяланды. Бул кабар израилдик дипломаттарга таянган.

Politico гезитинин жазганына караганда, Палестинага кол салуулар АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин өткөн аптада Израилге жасаган сапары учурунда талкууланган.

Блинкен Израилге кол салууларды токтотуу үчүн жылдын аягына чейин убакыт бергенин айтты.

Кабарда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху администрациясынын Газага бир нече ай бою кол салууларын улантуу пландарын Блинкенге жеткирген, АКШнын мамлекеттик катчысы буга катуу жооп кайтарып: «Сенин мынчалык кредитиң жок»,- деп айтканы  маалымдалган.

Politico Израиль мурдагыдай АКШны кайра укпайт деп комментарийледи.

Журнал Вашингтондун буга чейин Израилге Газага кирбөө кеңешин бергенин, бирок Нетаньяхунун бул сунушка кулак салбаганын эске салды.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары Израилдин «палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Месчит-и Аксага каршы тынымсыз бузууларына» жооп катары 7-октябрдын таңында «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулду баштаган. Израиль армиясы да Газа тилкесин абадан катуу бомбалоону баштаган.

Израилдин Газа тилкесине кол салууларынан 17 700 палестиналык, анын ичинде кеминде 7 700 бала жана 5 150 аял каза болду. Урандылардын астында миңдеген набыт болгондор бар экени кабарланууда.

Израиль күчтөрү менен мыйзамсыз жөөт отурукташуучулары басып алган Батыш Шериа жана Кудска кол салууларында 275 палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар