Хантер Байден : "Мени өлтүрүүгө аракет кылышууда"

Хантер Байден : "Мени өлтүрүүгө аракет кылышууда анткени алар бул кыйынчылыкты атамын көтөрө албай тургандыгын билишет. Муну менен аны кызматынан кетирүүгө аракет кылышууда",- деди.

2074575
Хантер Байден : "Мени өлтүрүүгө аракет кылышууда"

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байдендин уулу Хантер Байден федералдык прокурор тарабынан ар кандай айыптоолор айтылгандан кийин  катышкан программада: «Мени өлтүрүүгө аракет кылып жатышат»,- деди. 

Хантер Байден «салыктан качуу, жасалма документ  жана салык декларациялоо эмес» сыяктуу 9 айыптоодон кийин телеберүү программага конок катары катышып, баа берди.

Хантер Байден : "Мени өлтүрүүгө аракет кылышууда анткени алар бул кыйынчылыкты атамын көтөрө албай тургандыгын билишет. Муну менен аны кызматынан кетирүүгө аракет кылышууда",- деди. 

"Бул адамдардын башынан өткөн травмалардын натыйжасында жаман болууну чечкен оорулуу адамдар экенин түшүндүм",- деген  Хантер Байден :  «Атам АКШнын президенти болуп турганда алар токтобойт», - деди.

Атайын прокурор Дэвид Вайс тарабынан даярдалган айыптоо корутундусунда Хантер Байденге үчөөсү чоң кылмыш жана алтоосу  салык төлөөдөн качуу, документтерди жасоо жана салык декларациялоодон баш тартуу сыяктуу 9 айып менен айыпталган.

Хантер Байденди 2016 - жылдан 2019 - жылга чейин төлөшү керек болгон 1,4 миллион доллар салыкты төлөгөн эмес деп айыптап, Вайс Байден салыктарды төлөөнүн ордуна миллиондогон доллар сарптаганын айткан.

Хантер Байден айыптуу боло турган болсо  17 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

 


 



Тектеш кабарлар