Израиль Батыш Шериада да зомбулугун улантууда

Израиль күчтөрү түнкү сааттарда Ел Халил, Наблус, Женин жана Рамалла шаарлары башта болгон көп сандаган аймакка ок өткөрбөс  унаалар менен кирди.

2074499
Израиль Батыш Шериада да зомбулугун улантууда

Газада жарандарды өлтүрүүнү токтотпогон Израиль Батыш Шериада да зомбулугун улантууда. 

Израиль күчтөрү түнкү сааттарда Ел Халил, Наблус, Женин жана Рамалла шаарлары башта болгон көп сандаган аймакка ок өткөрбөс  унаалар менен кирди. 

Калкиля шаарына кирген Израиль армиясына аймактын тургундары каршы чыгышты.

Түнү менен рейд жүргүзгөн Израиль армиясынын көп сандаган палестиналыкты камакка алгандыгы билдирилди. 

Израиль күчтөрү жана израилдик баскынчылардын үзгүлтүксүз рейддерине дуушар болгон Батыш Шериада 8 -  октябрдан бери  272 палестиналык өлтүрүлдү. 3 миң  700гө жакын палестиналык камакка алынды. 

 



Тектеш кабарлар