Путин президенттик шайлоодо талапкер болот

Федерация кеңешинин төрагасы Валентина Матвиенко, Путиндин шайлоого талапкер болуу чечимин колдой турганын билдирди.

2074400
Путин президенттик шайлоодо талапкер болот

Орусиянын президенти Владимир Путин 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкер болоорун билдирди.

Орус кабар агенттиктеринин маалыматына караганда, Путин Кремль сарайында аскерлерге медаль тапшыруу аземине катышты.

Аземде Путин 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкер болоорун айтты.

Орус парламентинин жогорку палатасы Федерация кеңешинин төрагасы Валентина Матвиенко, Путиндин шайлоого талапкер болуу чечимин колдой турганын билдирди.

Президенттик шайлоонун датасын аныктоо үчүн Федерация Кеңеши кечээ чогулуп, шайлоону 2024-жылдын 17-мартында өткөрүү чечимине келген.

Орусияда буга чейинки президенттик шайлоо 2018-жылдын 18-мартында өтүп, Владимир Путин 76,69 пайыздык добуш менен президент болуп шайланган.



Тектеш кабарлар