Йоргос Ерапетритис Түркия менен карым - катнаштарды тереңдетүү керектигин белгиледи

Грециянын мамлекеттик телекөрсөтүүсү ERTде конок болгон Йоргос Ерапетритис Түркия менен Грециянын ортосунда кечээ борбор шаар Афинада өткөрүлгөн 5-Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин  жыйынына баа берди.

2074268
Йоргос Ерапетритис Түркия менен карым  - катнаштарды тереңдетүү керектигин белгиледи

Грециянын тышкы иштер министри Йоргос Ерапетритис Түркия менен болгон пикир келишпестиктерди бир жакка таштап, эки өлкөнү бириктирген элементтерге жана карым - катнаштарды тереңдетүүгө көңүл буруулары керектигин белгиледи.

Грециянын мамлекеттик телекөрсөтүүсү ERTде конок болгон Йоргос Ерапетритис Түркия менен Грециянын ортосунда кечээ борбор шаар Афинада өткөрүлгөн 5-Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин  жыйынына баа берди.

Ерапетритис Түркия менен Грецияны орток география бириктиргенин, ошондуктан эки өлкөнүн талаштарына чечүүчү жол издөө керектигин айтты.

Эки өлкөнүн ортосунда пикир келишпестиктер бар экенин белгилеген Ерапетритис : «Буларды бир четке коюп, бизди бириктирген элементтерге, оң күн тартибине, эл катары жакындан карым - катнаш түзүүгө жана дагы жакын экономикалык карым - катнаштарга көңүл буруубуз керек»,-деди.

Йоргос Ерапетритис : «Максатыбыз, кандай гана пикир келишпестик болбосун, аны кризиске айландырбоо»,-деди.

Азчылыктар, Жакынкы Чыгыш жана Кипр сыяктуу маселелерде эки өлкөнүн ортосундагы мамиледе айырмачылыктардын бар экенин белгилеген Ерапетритис булардын сүйлөшүү жолу менен талкууланышы жана чечилиши керектигин белгиледи.

Грек министр : «Бардык тараптар макулдашууга бара турган бир диалогго аракет кылууда»,- деди.

 



Тектеш кабарлар