БУУ : Чыгыш Африкадагы жамгырдан 3 миллион киши таасирленди
Жамгыр жаашынын улантылары, кийинки күндөрдө азык - түлүк коопсуздугу маселесинин күч алары боюнча эскертүү берилди.
БУУ Дүйнөлүк азык - түлүк программасынын Наиробидеги кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Чыгыш Африкадагы катуу жамгыр жаашынын миллиондогон кишинин турмушуна тескери таасир тийгизгендиги белгиленди.
Билдирүүдө Чыгыш Африка өлкөлөрүндө көптөгөн күндөрдөн бери жаап жаткан жамгырдан 3 миллион киши таасирленип 1,2 миллион киши көчүүгө мажбур болгондугу маалымдалды.
Жамгыр жаашынын улантылары, кийинки күндөрдө азык - түлүк коопсуздугу маселесинин күч алары боюнча эскертүү берилди.
Чыгыш Африка өлкөлөрүнөн Кения, Эфиопия, Сомали жана Танзания селден таасирленген өлкөлөрдүн арасында.
Ноябрь айынын ортосунан тарта таасридүү болгон селдерден улам Кенияда 160, Эфиопиада 57, Танзанияда 68 киши каза болду. Сомалидеги селдерде да 110 киши каза болду.