Песков АКШнын ичиндеги карама-каршылыктардын Европага да чагылышы мүмкүн экенин айтты

Песков борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө АКШнын президенти Жо Байдендин Украинага жардам да камтылган 105 миллиард долларлык бюджет талабынын Сенатта четке кагылышына баа берди.

2073930
Песков АКШнын ичиндеги карама-каршылыктардын Европага да чагылышы мүмкүн экенин айтты

Орусиянын президенттигинин Кремль сарайынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) ичиндеги карама-каршылыктардын Европага да чагылышы мүмкүн экенин айтып: «АКШ администрациясы Орусияны ички иштеринде колдонуу адатын улантып жатканына абдан өкүнүчтүүбүз»,-деди.

Песков борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө АКШнын президенти Жо Байдендин Украинага жардам да камтылган 105 миллиард долларлык бюджет талабынын Сенатта четке кагылышына баа берди.

АКШ башкаруучулугунун Украинага колдоо көрсөтүүдө жол башчылык кылганына көңүл бурган Песков: «Албетте, Кошмо Штаттардын ичиндеги мындай карама-каршылыктар европалыктардын маанайында да чагылышы мүмкүн», - деди.

Песков сөзүн мындайча жыйынтыктады: «АКШ администрациясы Орусияны ички иштеринде колдонуу адатын улантып жатканына терең өкүнүчтүүбүз. Бул учурда ал Американын салык төлөөчүлөрүнүн акчасын Украинадагы согушка бөлүүгө Сенаттын мүчөлөрүнө таасир этиш үчүн Орусияны жаманатты кылууга аракет кылууда. Биз бул жагымсыз мамиле деп ойлойбуз. Американын Сенатынын мүчөлөрүнүн арасында акылы тунук адамдар жетиштүү деп үмүттөнөм».

АКШ Конгрессинде Украинага жардам көрсөтүү боюнча катуу талкуулар жүрүп жатканда, Украинанын президенти Владимир Зеленский 5-декабрда Сенат мүчөлөрүнө бере турган брифингин акыркы мүнөттөрдө жокко чыгарып, чечимдин себебин так түшүндүргөн жок.

АКШ президенти Жо Байден, анын ичинде Израилге 14 миллиард доллар, Украинага 61 миллиард доллар жардамды камтыган 105 миллиард долларды бюджеттен сураган. Байдендин өтүнүчү Сенатта четке кагылды.

Ак үй жана кээ бир украин расмийлери АКШ Украинага жардам бербесе Орусия менен болгон согушта жеңилип калышы мүмкүн деп эскертишүүдө.



Тектеш кабарлар