Орус куудулдары Германиянын экономикасы министрин телефондо тамашалашты

Немис маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Кузнецов менен Столяров Хабек менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өздөрүн Африка биримдигинин өкүлү катары тааныштырышкан.

2073462
Орус куудулдары Германиянын экономикасы министрин телефондо тамашалашты

Орусиялык куудулдар Владимир Кузнецов менен Алексей Столяров Германиянын канцлеринин орун басары жана экономика министри Роберт Хабекти телефон аркылуу тамаша кылышты.

Немис маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Кузнецов менен Столяров Хабек менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өздөрүн Африка биримдигинин өкүлү катары тааныштырышкан.

Англис тилиндеги сүйлөшүүсүндө Хабек Орусиянын кол салууларына карабастан Украинанын дан экспортуна жардам берүү керектигин белгилеп: «Биз Украинадан буудайды ар кандай жолдор менен алып чыгууга аракет кылып жатабыз. Биз бир темир жол байланышын түздүк. Румыниянын портун Украина менен байланыштырдык. Бирок, албетте, бул көйгөй өтө жана өтө олуттуу. (Орусиянын президенти Владимир) Путин муну да билет. Менин оюмча ал, дүйнөнү жана Африканы барымтага алууну каалайт»,-деди.

Хабек Африка Биримдигинин өкүлдөрүбүз деп аташкан кишилерге телефон аркылуу: «Африка тараптын абдан так позициясы жардам бериши мүмкүн. Эгер африкалык лидерлер «Путин, муну кылба» деп ачык айтса, ал угат. Менимче, Путин бир гана тилди кысым деп түшүнөт. Согуш жакында бүтпөйт окшойт. Кийинки жылы жана балким биз дагы узакка созула турган узак согушту күтүшүбүз керек»,-деп түшүндүрдү.

Сүйлөшүү болгонун тастыктаган Экономика министрлиги бул жазуу монтаждык жол менен жасалганын гана билдирүүдө.

Эки орусиялык куудул буга чейин Италиянын премьер-министри Жорджия Мелониге, Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркелге, Улуу Британиянын мурдагы коргоо министри Бен Уоллеске жана ханзаада Гарриге тамашалуу телефон чалышкан.



Тектеш кабарлар