Газада каза болгондордун саны көбөйүүдө

Израилдин Газанын түрдүү аймактарына түнү менен жасаган кол салууларында көп сандаган палестиналык каза болду жана жаракат алды.

2073665
Газада каза болгондордун саны көбөйүүдө

Израиль армиясынын блокада астындагы Газа тилкесине  7 -  октябрдан бери келе жаткан кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 16 миң  248ге жетти. Алардын ичинен  7 миң  112си балдар жана  4 миң  885ши аялдар. 

Израилдин Газанын түрдүү аймактарына түнү менен жасаган кол салууларында көп сандаган палестиналык каза болду жана жаракат алды. 

Палестина маалымат агенттиги WAFAнын кабарына караганда Израиль армиясы Газанын ортоңку бөлүгүндөгү Ен  -  Нусейрат жана Ел  -  Мегази качкындар лагери, түндүгүндөгү Жебалия качкындар лагери жана түштүктөгү Хан Юнус жана Рефах шаарларына карата кол салууларын улантты. 

Израиль аскердик учактарынын Мегази качкындар лагеринде жер которгон үй    -  бүлөлөр баш калкалаган бир үйгө жасалган кол салууда көпчүлүгү балдар болгон кеминде  17 киши каза болуп, ондогон киши да жаракат алды. 

Нусейрат качкындар лагеринде бир үйгө жаслаган кол салууда 4 палестиналык каза болду. 

Израиль аскердик учактарынын Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жебалия качкындар лагерине артиллериялык аткылоосунда да каза болгондор жана жаралангандар болду.

Израиль аскердик учактары түштүктөгү Рефах шаарындагы Шабура качкындар лагеринде да бир үйгө абадан кол салуу болду. Кол салууда  кеминде  6 киши каза болуп, көп сандаган киши да жаракат алды. 

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы эки күндө 930 палестиналыктын өлтүрүлгөндүгүн, каза болгондордун саны  17 миң  177ге жеткендигин билдирди. 

Оккупациядагы Батыш Шериа жана Кудста да  7 -  октябрдан бери Израиль күчтөрү жана еврей отурукташуучулардын кол салууларында  265 палестиналык каза болду. 

Израилде 7 -  октябрдагы кол салууларда  310дон ашууну аскер болуу менен  1200 израилдиктин каза болгондугу, 5 миң  132 кишинин жаракат алгандыгы жарыяланды. 

Израиль армиясынын билдиргенине караганда Газа тилкесине карата кургактыктан жаслаган кол салууларда 84, Ливан чек арасында  6 Израиль аскери өлтүрүлдү. 

 



Тектеш кабарлар