Израиль : АКШдан 200 аскердик учак жардам алдык
Израилдин Коргоо министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, АКШдан Израиль армиясы үчүн аскердик техникаларды ташыган 200 жүк ташуучу учагынын өлкөгө келгенин билдирди.
Израиль Газа тилкесине карата кол салуулар башталган 7 - октябрдан бери Америка Кошмо Штаттарынын Израиль армиясына 200 жүк ташуучу учак менен 10 миң тоннадан ашуун аскердик техника жөнөткөнүн жарыялады.
Израилдин Коргоо министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, АКШдан Израиль армиясы үчүн аскердик техникаларды ташыган 200 жүк ташуучу учагынын өлкөгө келгенин билдирди.
Билдирүүдө Израиль коргонуу министрлигине караштуу АКШ камсыздоо миссиясынын аракети менен ишке ашырылган жардамдардын «чоң мааниге ээ экендиги» белгиленди.
Ушунун негизинде : Газадагы согуш башталган 7 - октябрдан бери Израиль армиясына 10 миң тоннадан ашуун аскердик каражат жиберилди",- деп айтылган билдирүүдө булардын ичинде ок өткөрбөс унаалар, куралдар, жеке коргоочу каражаттар, медициналык каражаттар, ок - дары жана "дагы көбүнүн" бар экендиги билдирилди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.