БУУнун комиссары Түрк Газада чукул ок атышпоого чакырды

Түрк БУУнун Женева кеңсесинде журналисттер менен жолугушту.

2073413
БУУнун комиссары Түрк Газада чукул ок атышпоого чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк эл аралык коомчулукту Газада адам укуктары жана гуманитардык негиздер менен «дароо ок атышпоо» темасында бир добуштан талап кылууга чакырды.

Түрк БУУнун Женева кеңсесинде журналисттер менен жолугушту.

Израилдин катуу кол салуулары жана блокадасына кабылган Газадагы абалга токтолгон Түрк, карапайым калктын кыйынчылыктары тууралуу сөз кылды. 

Түрк :  «Эл аралык коомчулук адам укуктары жана гуманитардык негиздер менен «дароо ок атышпоо» темасында бир добуштан талап кылышы керек»,-деди. 

 

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7 - октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялады.

Буга жооп катары Израиль армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялады.

Күч алган чыңалууда көбү балдар болгон 16 миң 200дөн ашуун палестиналык каза болду.

 



Тектеш кабарлар