Россиянын президенти Түркия менен карым - катнаштар тууралуу билдирди

Россиянын президенти Путин Түркия менен өнөктөштүктүн эң жогорку деңгээлде экенин жана  түрдүү тармактарда көп жылдык тажрыйбага таянганын белгилеп : «Эки тарап тең байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүдө чечкиндүү», - деди.

2072765

Владимир Путин Кремлде  араларында Түркиянын Москвадагы элчиси Танжу Билгич да болгон Россияда кызмат кыла баштаган  21 өлкөнүн элчисин кабыл алып, ишеним каттарын алды жана куттуктады.

Путин бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркия менен Россиянын ортосундагы карым  - катнаштарга баа берип : "Түркия менен өнөктөштүк эң жогорку деңгээлде жана түрдүү тармактарда көп жылдык тажрыйбага негизделген. Эки тарап тең жакшы коңшулук, өнөктөштүк жана өз ара пайда көрүү принциптерине негизделген байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүдө чечкиндүү",- деди.  

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен тынымсыз байланышта экенин белгилеген Путин, бул жолугушууларда эки тараптуу карым - катнаштарга тиешелүү бардык маанилүү темалардын сүйлөшүлгөнүн билдирди.

Путин : «Энергия секторунда орус  - түрк кызматташуусунун чындыгында стратегиялык экендигин өзгөчө белгилегим келет. Росатом (Россия мамлекеттик атомдук энергетика корпорациясы) Түркияда Аккуюдагы биринчи атомдук электр станциясын курууну улантууда. «Көгүлтүр агым» жана «Түрк агымы» түтүктөрүн иштетүүнүн алкагында жаратылыш газ тармагында тыгыз кызматташтык түзүлдү. Түркияда жаратылыш газ бөлүштүрүүчү борбор куруу иштери уланууда. Соода  жана жогорку технологиялар тармагында көптөгөн кызыктуу долбоорлорубуз жана кызматташтыктарыбыз бар."

Тектеш кабарлар