Франция ХАМАСтын жооптуусу Синвардын активдерин тоңдурду

Францияда өкмөт, өткөн апталарда да ХАМАСтын аскерий канаты Изз ад-Дин ал-Кассам бригадасынын лидери Мохаммед Дейфтин активдерин тоңдурууну чечкен.

2072868
Франция ХАМАСтын жооптуусу Синвардын активдерин тоңдурду

Францияда ХАМАСтын Газа жооптуусу Яхья Синвардын мүлкүнүн тоңдурулганы кабарланды.

Расмий гезитте жарыяланган чечимге ылайык, Хамастын алдыңкы лидерлеринин бири жана Газа жооптуусу Синвардын колундагы же көзөмөлдөгөн каражаттар менен экономикалык булактар ​​6 айга тоңдурулду.

Францияда өкмөт, өткөн апталарда да ХАМАСтын аскерий канаты Изз ад-Дин ал-Кассам бригадасынын лидери Мохаммед Дейфтин активдерин тоңдурууну чечкен.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары 7-октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.

Күчөгөн чыңалууда көбү балдар 16 миңге жакын палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар