Америка Кошмо Штаттары кемелерге карата кол салууда Ирандын жооптуу экендигин жактады
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Ак үйдө өткөн басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Америка Кошмо Штаттары Кызыл деңизде соода кемелерине жасалган кол салуулар боюнча Ирандын жооптуу экендигин жактады.
АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Ак үйдө өткөн басма сөз жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Жаңы кол салууларды алдын алуу максатында АКШнын «деңиз күчтөрүнүн» түзүлүшү үчүн башка өлкөлөр менен сүйлөшкөндүгүн белгилеген Салливан : «Сүйлөшүү менен ылайыктуу кадамдарды таштайбыз жана муну өзүбүз тандаган бир убакта жана жерде аткарабыз»,- деди.
Салливан Кызыл деңиздин түштүгүндө АКШ деңиз флотуна караштуу "USS Carney" эсминецинин коммерциялык кемелердин жардам чакыруусуна жооп берип жатып өзүнө карай келе жаткан 3 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрүүсү тууралуу «этияттык менен мамиле кылгандарын» айтты.
Жейк Салливан Кызыл деңизде коммерциялык кемелерге карата кол салуулардын «акыркы жооптуусунун» Иран экендигин да жактады.
АКШнын Борбордук командирлиги (CENTCOM) мурунку күнү Кызыл деңиздин түштүгүндө эл аралык сууларда 3 соода кемесине 4 кол салуу жасалганын жарыялаган.
Билдирүүдө АКШнын деңиз күчтөрүнө таандык «USS Carney» эсминецинин коммерциялык кемелердин жардам чакырыгына жооп бергени, эсминецтин өзүнө карай багыт алган 3 учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөнү белгиленген.
Тектеш кабарлар
Израиль палестиналыктардын сөөгүн күттүрүүнү улантууда
Шейиттредин сөөгүнө байланыштуу Кайра алуу демилгеси тарабынан маалымат берилди.