Песков: "Евробиримдик үчүн Украинага каржылык колдоо көрсөтүү кыйын болуп баратат"
Песков, "Financial Times" гезитинин кабарына сереп салды.
Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Европа Биримдиги (ЕБ) үчүн Украинага каржылык колдоо көрсөтүүнүн кыйын болуп баратканын айтты.
Песков борбор шаар Москвада билдирүү жасады.
"Financial Times" гезитинин Европа Биримдигинде Украинага каржылык колдоо көрсөтүү темасында пикир келишпестиктер бар деген кабарына баа берген Песков, Евробиримдиктин Украинага каржылык колдоо көрсөтүүсүнүн кыйын болуп калганын белгиледи.
Песков: «Аларга (европалыктарга) Украинага бекер акча берүү кыйын болуп баратат. Бизге келсек, атайын аскердик операция улана берет. Биздин экономика атайын аскердик операциянын шарттарына ыңгайлашты»,-деди.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.