Газада 1,9 миллион адам жеринен ажырады

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер боюнча агенттигинин (UNWRA) билдирүүсүндө, 7-октябрдан бери Израилдин Газа тилкесине кол салууларынан улам 1,9 миллион кишинин жер которгондугу белгиленди.

2072391
Газада 1,9 миллион адам жеринен ажырады

Израилдин Газадагы кол салууларынан улам 1 миллион 900 миң кишинин аргасыздан жер которгондугу жарыяланды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер боюнча агенттигинин (UNWRA) билдирүүсүндө, 7-октябрдан бери Израилдин Газа тилкесине кол салууларынан улам Газа калкынын 80 пайыздан ашыгын түзгөн 1,9 миллион кишинин жер которгондугу белгиленди.

Билдирүүдө 7-октябрдан бери 111 UNRWA кызматкеринин Израилдин кол салууларында каза болгонуна көңүл бурулуп, 2-декабрдан тарта 1,2 миллион жер которгон кишинин UNRWAнын 156 борборуна баш калкалаганы белгиленди.

Бир тараптан 7-октябрдан бери 85 UNRWA борборунун 117 жолу кол салуу бутасы болгону белгиленип, 30 борборго түздөн түз сокку урулганы жана 55 борбордун экинчи даражадагы зыянга учураганы белгиленди.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары Израилдин «Палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Аксага каршы тынымсыз бузууларына жооп берүү» деген негиз менен 7-октябрдын таңында кеңири чабуулду баштаган, Израиль армиясы да Газа тилкесин абадан катуу бомбалоону баштаган.

Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгон палестиналыктардын саны 15 миң 523кө жетти, алардын 6 миңден ашыгы балдар жана 4 миңден ашууну аялдар.

Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууларда 4 күндүк «гуманитардык тыныгуу» жөнүндөгү келишим 24-ноябрь жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө күчүнө кирди жана андан кийин дагы 3 күнгө узартылды.

Израиль менен Хамастын ортосунда жетишилген туткун алмашуу келишиминин алкагында Газа тилкесиндеги 81 израилдик, 240 палестиналык Израилдин абактарынан бошотулду.

Израиль армиясы 1-декабрда «гуманитардык тыныгуу» аяктагандан кийин дароо Газа тилкесине кол салуусун улантты.



Тектеш кабарлар