Газа тилкесинде жана Батыш Шериада каза болгондордун саны көбөйдү

Израиль аскерлеринин басып алынган Батыш Шериада дагы эки палестиналыкты өлтүрүп, сөөгүн бербей койгондугу кабарланды.

2072302
Газа тилкесинде жана Батыш Шериада каза болгондордун саны көбөйдү

Газа тилкесинде Израилдин кол салууларынан каза болгон палестиналыктардын саны 15 миң 523кө жетти.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги, кол салууларда каза болгондордун саны 361ге көбөйүп 15 миң 523кө жеткенин билдирди.

Израиль аскерлеринин басып алынган Батыш Шериада дагы эки палестиналыкты өлтүрүп, сөөгүн бербей койгондугу кабарланды.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Батыш Шерианын түндүгүндөгү Калкилья шаарында израилдик аскерлердин огунан 2 палестиналык каза болду.

Израиль күчтөрү, бул палестиналыктардын сөөктөрүн да бербей коюшту.

Газа тилкесинин түндүгү жана түштүгүндөгү Хан Юнуска кургактыктан кол салган Израиль армиясы аймакка абадан кол салууларын да арттырды.

Армиянын билдирүүсүндө, түн ичинде Газада 200гө жакын жерге сокку урулганы белгиленди.

Атылган жерлердин Хамастын аскерий канаты Иззеддин ал-Кассам бригадаларына таандык «буталар» экени айтылды.

7-октябрдан бери басып алынган Батыш Шериада набыт болгон палестиналыктардын саны 256га көбөйсө, быйыл каза болгон палестиналыктардын саны 464кө жетти.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.



Тектеш кабарлар