Нигерияда куралдуу кылмыштуу топко карата операция жүргүзүлдү

50дөн ашуун кылмыштуу топтун мүчөсү жок кылынды.

2071363
Нигерияда куралдуу кылмыштуу топко карата операция жүргүзүлдү

Батыш Африка өлкөлөрүнөн Нигериянын Тараба штатында жүргүзүлгөн операцияларда 50дөн ашуун кылмыштуу топтун мүчөсү жок кылынды.

Тараба штатынын полиция катчысы Абдуллахи Усман, кээ бир айылдарда 18 мергенчинин өлтүрүлүшүнөн кийин аймакта куралдуу элге каршы операциялардын жүргүзүлгөнүн билдирди. Операцияда 50дөн ашуун кылмыштуу топ мүчөсүнүн таасирсиз кылынганын белгилеген Усман, алардын көбүнүн жаралуу түрдө кутулгандыгын айтты.

Усман, качкан кылмыштуу топ мүчөлөрүн кармоо үчүн аймакта издөө иштеринин башталганын билдирди.

Кечээ Тараба провинциясынын Бали аймагында мотоцикл жана куралчан 200гө жакын адам 18 мергенчинин өмүрүн кыйды.

Нигерия акыркы убакта өлкөнүн ар кайсы аймактарында куралдуу бандалардын, ошондой эле Боко Харам жана ISWAP террордук уюмдарынын кол салууларына туш болууда.



Тектеш кабарлар