Францияда тамеки чегүүгө тыюу салуу

Министр Руссонун жазуу түрүндөгү билдирүүсү Саламаттыкты сактоо министрлигинин интернет сайтында жарыяланды.

2070128
Францияда тамеки чегүүгө тыюу салуу

Франциянын саламаттыкты сактоо министри Орельян Руссо, өлкөнүн пляждарында жана токойлорунда тамеки тартууга тыюу салынарын билдирди.

Министр Руссонун 2023-2027-жылдарга карата тамеки менен күрөшүү боюнча жаңы улуттук программасын тааныткан жазуу түрүндөгү билдирүүсү Саламаттыкты сактоо министрлигинин интернет сайтында жарыяланды.

Францияда жыл сайын орто эсеп менен 75 миң кишинин тамеки чегүүдөн улам каза болгонуна көңүл бурган Руссо, мунун күнүнө болжол менен 200 өлүмгө туура келгенин баса белгиледи.

Өлкөдөгү өлүмдүн биринчи себебинин тамеки чегүү экенине басым жасаган Руссо, 2023-2027-жылдарга карата Жаңы улуттук тамекиге каршы күрөшүү программасынын алкагында тамеки баасын акырындык менен жогорулата тургандарын жарыялады. Ушундайча бир куту тамекинин баасы 2025-жылы 12 еврого, 2027-жылы 13 еврого чейин көтөрүлөт.

Руссо программанын алкагында пляждарда, коомдук бакчаларда, мектептер сыяктуу кээ бир коомдук жайлардын айланасында жана токойлордо тамеки чегүүгө тыюу салынарын билдирди.

Программа менен коомдук жайларда тамеки колдонууну азайтууну максат кылгандарын белгилеген Руссо, ташталган кадамдар менен өзгөчө тамеки тартпаган жаштардын тамеки түтүнүнө азыраак дуушар болоорун баса белгиледи.

Бир жолу колдонулуучу тамекилерге да тыюу сала тургандарын айткан министр Руссо, тамекини таштагысы келгендерге дагы көбүрөөк колдоо көрсөтүлөрүн маалымдады.



Тектеш кабарлар