Фидан Блинкен жана Столтенберг менен жолугушту

Жолугушууда Газадагы акыркы абал жана Швециянын НАТОго мүчөлүк процесси талкууланды.

2069993
Фидан Блинкен жана Столтенберг менен жолугушту
fidan stoltenberg.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Бельгияда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту.

Министрликтин X социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүнө караганда, Фидан Брюсселде өтө турган НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынан мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен менен жолугушту.

Жолугушууда Газадагы акыркы абал жана Швециянын НАТОго мүчөлүк процесси талкууланды.

АКШнын Мамлекеттик департаментинен берилген маалыматка караганда, Блинкен Фидан менен бир нече апта мурда Анкарада абдан жакшы жолугушууларды өткөрүшкөнүн, бүгүн да ошондой жакшы жолугушууну күтүшкөндөрүн айтты.

Блинкен бардыгынын Газадагы кризистин үстүндө иштеп жатканын баса белгилеп: «Кийинки жылдын июнь айында боло турган саммитке, НАТОнун 75 жылдыгына илгерилеп бара жатканыбызда, бул жерде НАТО жыйынында Швециянын мүчөлүгү баш болгон көптөгөн маселелерибиз бар»,- деди.

Бул темалардагы көз караштарын бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө кубанганын билдирген Блинкен: «Маанилүү жана абдан баалуу НАТО шериктеши Түркия менен кызматташтыгыбыз үчүн да ыраазымын»,-деп айтты.

Министр Фидан НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн бүгүн Брюсселге барганын белгилеп: «Алдыбызда абдан маанилүү маселелер турат жана баарыбыз ачык сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүбүзгө ишенем. Достугубузду жана кызматташтыкты абдан баалайбыз»,-деди.

Фидан бүгүн боло турган жыйындын алдында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен да жолугушту.



Тектеш кабарлар