Жер Ортолук деңиз үчүн биримдиктин 8-Аймактык форуму башталды

Түркияны тышкы иштер министри Хакан Фидан өкүлдүк кылууда.

2069397
Жер Ортолук деңиз үчүн биримдиктин 8-Аймактык форуму башталды

Баш кеңсеси Испаниянын Барселона шаарында жайгашкан Жер Ортолук деңиз үчүн биримдик уюмунун 8-Аймактык форуму Израиль-Палестина маселеси күн тартиби менен башталды.

Түркияны тышкы иштер министри Хакан Фидан өкүлдүк кылган форумга 43 мүчөлүү уюмдан 27 өлкө тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде катышты.

Европа Биримдигинин (ЕБ) коопсуздук жана тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Жосеп Боррель менен Иорданиянын тышкы иштер министри Айман ал-Сафеди төрагалык кылган форумдун ачылыш сөзүн сүйлөгөн Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэль Альбарес: «Тынчтыкты орнотуу аркети үчүн бул жердебиз. Бул ирет туруктуу тынчтык түзүлүүсү зарыл. Бул жерден үмүт жана тынчтыктын ачык билдирүүсү чыгышы керек»,-деди.

Альбарес: «Бирок Газадагы бейкүнөө жарандардын өлүмүнө эч качан көз жумуп коё албайбыз. Палестинада карапайым калктын өлтүрүлүшү кабыл алынбайт. Испания ок атышпоонун туруктуу болушун жана гуманитардык жардамдын кепилденүүсүн каалайт»,-деп айтты.

Израиль менен Хамастын ортосунда жетишилген туткун алмашуу жана «гуманитардык тыныгуу» келишимине кошкон салымы үчүн Катар, Египет жана Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) ыраазычылык билдирген Албарес, бүгүн аяктай турган «гуманитардык тыныгуунун» дагы узартылышын каалагандарын белгиледи.

Министр Альбарес Палестина Газадагы көзөмөлдү кайтарууну кааласа жалгыз чечимдин эки мамлекетке негизделген эл аралык тынчтык конференциясы экенин айтты.

Палестинанын тышкы иштер министри Рияд ал-Малики болсо Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууларга берилген “гуманитардык тыныгуунун” улана бериши үчүн бардыгынын аракет кылып жатканын билдирди.

Малики, Испаниянын тышкы иштер министри Альбарес менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында: «Баары (анын ичинде Катар, Египет, ЕБ, Испания, Палестина, АКШ) ок атышпоо келишимин дагы 1, 2, 3 күнгө узартуу үчүн иштеп жатышат»,-деди.

Палестинанын тышкы иштер министри ошондой эле испан өкмөтүнүн "тынчтык жана адилеттүүлүк үчүн алдыга койгон саясатка ишенгенин белгиледи.

«Палестина башкаруусу Газага кайтып, Хамасты сыртта калтырышы керек» деген сындарга да жооп берген Малики төмөнкүдөй сереп салды:

«Хамас мындан 17 жыл мурун төңкөрүш жасап, Газаны өз көзөмөлүнө алды. Административдик башкарууну бизге калтырды. Ал жакта 70 миңге жакын мамлекеттик кызматкерлер иштейт. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, инфраструктура, курулуш, мамлекеттик кызматтардын баары ошол жерде, Палестина эли үчүн иштеген биздин мамлекеттик кызматкерлерибиз. Биз 17 жылдан бери эч качан жоопкерчиликтен качкан жокпуз жана качпайбыз да. Жооптуу администрация катары басып алынган Палестинанын бардык аймактарында кызмат кылууну улантабыз»,-деди.

Иорданиянын тышкы иштер министри Айман ас-Сафеди да: «Бүгүн аяктаган ок атышпоонун туруктуу болушу үчүн аракет кылышыбыз керек. Аймактагы окуялар 7-октябрда башталган жок. Быйылкы жыл эң кандуу жыл болду. Тынчтык менен коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) резолюциялары ишке ашырылышы керек»,-деди.

Бир тараптан форум өткөрүлгөн имараттын алдына чогулган топ Палестинаны колдоо митингин уюштурушту.



Тектеш кабарлар