Кремль: "Израиль ХАМАСты жок кылуу менен өз коопсуздугун камсыздай албай

Борбор калаа Москвада өткөрүлгөн 9-Эл аралык Примаков форумуна катышкан Ушаков Газа тилкесиндеги абалга байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

2069369
Кремль: "Израиль ХАМАСты жок кылуу менен өз коопсуздугун камсыздай албай

Орусиянын президенттик сарайы Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков, Израилдин Хамасты жок кылуу менен коопсуздукту камсыз кыла албасын айтты.

Борбор калаа Москвада өткөрүлгөн 9-Эл аралык Примаков форумуна катышкан Ушаков Газа тилкесиндеги абалга байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Газа тилкесинде "кайгылуу" окуялардын болуп жатканын айткан Ушаков: «Хамас жок кылынса да, Газа тилкеси канга чөгүп кетсе да Израилдин коопсуздугу камсыздала албайт. Бир нече убакыттан кийин кайрадан жек көрүү жана террор тутанышы мүмкүн. Бул көз жаздымда калтырылбашы керек»,-деп айтты.

Ушаков аймактагы көйгөйдүн курчуп, жайылуу ыктымалдыгы бар экенин айтты.

АКШнын Палестина маселесине байланыштуу саясатына сереп салган Ушаков: «АКШнын кыйратуучу саясатынан жана америкалыктардын Палестина маселесин жалгыз чечүү аракетинен улам чөлкөм кайрадан тутанды. Палестина-Израиль маселесиндеги кандуу сценарий алдын ала айтууга боло тургандай түрдө эле. АКШнын бир тарапты колдоп, маселени жалгыз чечүү саясаты оор кризиске алып келди»,-деди. 



Тектеш кабарлар