Газанын түндүгүнө күйүүчү май жеткен жок

Газанын саламаттыкты сактоо директору Мунир ел-Берш темага байланыштуу басма сөзгө маалымат берди.

2069492
Газанын түндүгүнө күйүүчү май жеткен жок

Израиль менен Хамастын ортосунда түзүлгөн «гуманитардык тыныгуу» күчүнө кирген 24-ноябрдан бери Газа тилкесинин түндүгүндөгү ооруканаларга күйүүчү майдын жөнөтүлбөгөнү билдирилди.

Газанын саламаттыкты сактоо директору Мунир ел-Берш темага байланыштуу басма сөзгө маалымат берди.

Берш «Газа шаары менен Газа тилкесинин түндүгүндөгү ооруканаларга бир литр күйүүчү майдын да жетпегенин» белгилеп, ооруканалардын тез арада күйүүчү май менен камсыздалышы керектигин баса белгиледи.

Аймакка барган өтө аз өлчөмдөгү күйүүчү майдын Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер агенттиги (UNRWA) тарабынан лагерлердеги суу кудуктарын иштетүү үчүн алынганын айткан Берш, Газанын түндүгүндөгү ооруканаларда 100 керебеттүү бир контейнердин келгенин, анын да Индонезия ооруканасына жеткирилгенин маалымдады.

Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууларда 4 күндүк «гуманитардык тыныгуу» жөнүндөгү келишим 24-ноябрь жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө күчүнө кирген. 

Келишимге ылайык, Израилдин түрмөлөрүндөгү 150 палестиналык ХАМАСтын колундагы 50 израилдик туткундун ордуна бошотулат. Бошотула турган туткундардын арасында аялдар жана балдар бар.

Хамас «гуманитардык тыныгуунун» Газанын бардык жерлерине жеткириле турган 200 гуманитардык фура жана 4 күйүүчү май танкеринин күн сайын киришин камтыганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар