Штайе: "Израиль Газа тилкесинин болжол менен 40 пайызын басып алды"

Премьер-министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Штайе Газа тилкесиндеги кол салууларды талкуулоо үчүн Рамаллада өткөрүлгөн кезексиз сессиянын ачылышында сөз сүйлөдү.

2067836
Штайе: "Израиль Газа тилкесинин болжол менен 40 пайызын басып алды"

Палестинанын премьер-министри Мухаммед Штайе, Израиль армиясы блокададагы Газа тилкесинин 40 пайызын басып алганын айтты.

Премьер-министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Штайе Газа тилкесиндеги кол салууларды талкуулоо үчүн Рамаллада өткөрүлгөн кезексиз сессиянын ачылышында сөз сүйлөдү.

7-октябрдан кийин Газа жана Батыш Шериадагы абалдын начарлаганына көңүл бурган Штайе, Газада массалык кыргындардын, аргасыз жер которуулардын, ошондой эле суу жана электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы, тамак-аш жана дары-дармектин бөлүштүрүлүшүнө болгон тоскоолдуктардын шарттарды дагы да кыйындатканын айтты.

Израилдин кылган кылмыштарынын «Палестина элине каршы согуш кылмыштары жана геноцид» экенин белгилеген Штайе : «Бүгүнкү күндө Израиль Газа тилкесинин болжол менен 40 пайызын ээлеп турат. Израиль ар дайым баскынчы мамлекет болуп келген»,-деди.

Штайе курал-жарак жана ачкачылык менен өлтүрүлгөн жарандар жана бейкүнөө балдар менен өлүмгө дуушар болгон жаралуулар үчүн толук жоопкерчиликтин Израилге таандык экенин баса белгиледи.

Палестинанын премьер-министри, Израилдин Батыш Шериада Палестина элине каршы өлтүрүү, диний жайларды басып алуу, жаңы конуштарды жана көзөмөл пункттарын куруу, каражаттарды кыскартуу сыяктуу зулумдук мамилесин улантып жатканын айтты.

Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууларга гуманитардык тыныгуу бере турган келишимди кубаттаганын билдирген Штайе, Палестинанын Министрлер кеңешинин Газа жана Батыш Шериадагы кол салууларды толугу менен токтотуу талабын кайталады.

Штайе азык-түлүк, дары-дармек жана жардам материалдарынын алдын ала шартсыз камсыздалышы керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар