Орусия Газадагы жарандарын эвакуациялады

Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

2068073
Орусия Газадагы жарандарын эвакуациялады

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, жардам чакырыгын салган 900 жарандын 653үнүн Газадан эвакуацияланганын билдирди.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин интернеттеги расмий баракчасында жарыяланды.

Билдирүүдө: "22-ноябрда Орусиянын жарандары жана палестиналыктардан (үй-бүлө мүчөлөрү) турган 28 кишилик топ Москвага келди" деп кабарланды.
Ошол эле учурда дагы 82 кишинин "Рефах" чек ара бекетинен Египетке өткөнү белгилүү болду.

Билдирүүдө: "Азыркы учурда Газадан эвакуацияланган жарандардын саны 653кө жетти, жалпы 900 жаран эвакуация үчүн кайрылды. Каирден Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык атайын учак менен 553 жаран алынып келинди" делди.

Министрликтин билдирүүсүндө, "Эвакуация иштерине Египет, Израиль, Палестина жана Катар бийликтеринин жардам бергени" маалымдалып: "Жаңжал болгон аймактан орус жарандарын тез жана коопсуз эвакуациялоо үчүн Каир, Тель-Авив жана Рамалладагы Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, Тышкы иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү мобилизациялык аракеттерин улантууда"-деп айтылды. 



Тектеш кабарлар