БУУ: "Газада каза болгондордун 74 пайызы балдар жана аялдар"

7-октябрдан бери Газа тилкесинин калкынын дээрлик 80 пайызына барабар болгон болжол менен 1,7 миллион палестиналыктын жеринен ажырагандыгы кабарланды.

2068110
БУУ: "Газада каза болгондордун 74 пайызы балдар жана аялдар"

Израилдин катуу кол салууларына кабылган Газа тилкесинде каза болгон 14 миң 128 палестиналыктын 74 пайызынын аялдар жана балдар экени белгиленди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер агенттигинин (UNRWA) билдирүүсүндө, 7-октябрдан бери Газа тилкесинин калкынын дээрлик 80 пайызына барабар болгон болжол менен 1,7 миллион палестиналыктын жеринен ажырагандыгы кабарланды.

Билдирүүдө 21-ноябрдан тарта жер которгон 1 миллион 37 миң палестиналыктын түндүк аймагы менен кошо Газа тилкесинде UNRWAга таандык 156 мекемеге баш калкалаганы айтылды.

Газа тилкесинин борбордук бөлүктөрү менен түштүктөгү Хан Юнус жана Рафах аймактарында UNRWAнын 99 мекемесинде болжол менен 877 миңдей жер которгон кишинин жашап жатканы белгиленген билдирүүдө, 7-октябрдан бери Израилдин кол салууларында Газа тилкесинде 14 миң 128 кишинин каза болгону эске салынды.

Билдирүүдө: «Газа тилкесинде 14128ден ашык адам өлтүрүлдү; алардын 74 пайызын балдар жана аялдар түзөрү айтылды» деп маалымдалды.

Израилдин чыгып кетүүнү талап кылган 12-октябрга чейин 160 миңдей жер которгон палестиналыктын Газа тилкесинин түндүгүндөгү 57 UNRWA мектебине баш калкалаганы эске салынган отчетто, UNRWAнын жер которгондорго жардам жана коргоо көрсөтүү үчүн бул мектептерге жете албаганы, алардын муктаждыктары жана шарттары тууралуу маалыматы жок экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар