Израилдин  Сириянын борбор шаары Дамасктагы айрым жерлерге абадан кол салгандыгы билдирилди

Израиль мекемелеринен кол салуу тууралуу маалымат берилген жок.

2067635
Израилдин  Сириянын борбор шаары Дамасктагы айрым жерлерге абадан кол салгандыгы билдирилди

Израилдин  Сириянын борбор шаары Дамасктагы айрым жерлерге абадан кол салгандыгы билдирилди. 

Башар Асад режиминин кабар агенттиги САНАнын аскердик булакка таянган кабарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 15.10до Дамасктын айланасындагы кээ бир жерлердин Израиль абадан кол салуусу менен бутага алындыгы  бидирилди.

Кабарда : "Абадан коргонуу системаларыбыз Голан дөңсөөлөрү багытынан учурулган  2 ракетадан бирөөсүн атып түшүрдү. Кол салууда зыян келтирилди",- деп айтылды.

Израиль мекемелеринен кол салуу тууралуу маалымат берилген жок. 

Дамаск жана элет аймактарында  Сирия армиясы  жана Иран колдогон террордук топтор менен Ливан Хизбуллахынын элементтеринин бар экендиги белгилүү.

Израиль жарандык согуш башталган 2011 -  жылдан бери Сирияжа кээ кээде  иран колдогон топторго жана Сирия армиясына таандык аскердик пункттарга кол салуу жасалууда. 

 

 



Тектеш кабарлар