Израиль аскерлери Батыш Шерианын түрдүү аймактарында тинтүү жүргүзүп, кол салды

Израиль күчтөрү Тулкерим шаарында жүргүзгөн тинтүүлөрдө Тулкерим качкындар лагерине учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салды.

2067479
Израиль аскерлери Батыш Шерианын түрдүү аймактарында тинтүү жүргүзүп, кол салды
israil bati seria baskin.jpg
israil bati seria baskin.jpg

Израиль күчтөрү оккупациядагы Батыш Шериада жүргүзгөн тинтүү жана кол салууларда алтоосу Тулкерим качкындар лагеринде болгон 7 палестиналыкты өлтүрүп, көп сандаган палестиналыкты да жаралады.

Жергиликтүү жана саламаттыкты сактоо булактарынан алынган маалыматка караганда Израиль аскерлери Батыш Шерианын түрдүү аймактарында тинтүү жүргүзүп, кол салды. 

Израиль күчтөрү Тулкерим шаарында жүргүзгөн тинтүүлөрдө Тулкерим качкындар лагерине учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салды. 

Палестина Саламаттыкты сактоо министрлиги Тулкеримде  6 палестиналыктын каза болгондугун билдирди. 

Палестина Кызылайынан берилген маалыматта да Израиль күчтөрүнүн, саламаттыкты сактоо топторунун Тулкерим качкындар лагерине киришине тоскоол болгону, тез жардам унаасынын ичиндеги бир жаралууну да көзөмөлгө алгандыгы белгиленди. 

Калкильядагы Дервиш Низал мамлекеттик ооруканасынын булактары ​​Азун аймагында израилдик аскерлер тарабынан ок атылып далысынан ок жеген 30 жаштагы эмир Абдуррахман Межиддин өмүрүнөн ажырагандыгын билдирди.

Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFA да Израиль аскерлеринин Хеброн шаарында 2 палестиналыкты кармаганын жарыялады.

Бейтуллахим  жакындарындагы Дехише качкындар лагеринде да тинтүү жүргүзгөн Израиль аскерлери айрым палестиналыктарды камакка алды. Андан кийин тинтүү жана камоолорго каршылык көрсөткөн аймак тургундары менен Израиль күчтөрүнүн арасында кагылышуу чыкты. 

Бир тараптан Палестиналык туткундар коому Израиль күчтөрүнүн Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста  палестиналыктарга карата  тинтүүлөр тууралуу  билдирүү жасады.

Билдирүүдө Израиль күчтөрүнүн Батыш Шериадагы түрдүү шаарларда жана Чыгыш Кудста  түнкү жана эртең мененки операцияларында кеминде 35 палестиналыкты кармаганы белгиленди.

Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста 7-октябрдан бери камалгандардын саны 3035ке жетти.

Израил армиясы 7-октябрдан бери Газа тилкесин катуу бомбалоо менен бирге оккупациядагы Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста  да тинтүүлөрдү жүргүзүп, ар кандай шылтоо менен палестиналыктарды кармоодо.

 

 



Тектеш кабарлар