Газадагы кол салуулардын себебинен жер которгон палестиналыктар

Отчетто Израилдин кол салууларынын натыйжасында 1 миллион 700 миң палестиналыктын Газа тилкесинин ар кайсы аймактарына көчүүгө мажбур болгону белгиленди.

2067445
Газадагы кол салуулардын себебинен жер которгон палестиналыктар

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине карай кол салууларында 1 миллион 700 миң палестиналык жер которду.

Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер агенттиги (UNRWA) тарабынан жарыяланган отчетто, Израилдин кол салууларынын натыйжасында 1 миллион 700 миң палестиналыктын Газа тилкесинин ар кайсы аймактарына көчүүгө аргасыз болгону белгиленди.

Отчетто 19-ноябрга карата түндүгү менен бирге Газа тилкесинин 5 шаарындагы 156 UNRWA мекемесинде болжол менен 930 миң,  борбордук аймактарда жайгашкан Хан Юнус жана Рафахтагы 99 мекемеде да 770 миң болуп жалпысынан 1 миллион 700 миң жер которгон адамдын жашаганы кабарланды.

Израилдин чыгып кетүүнү талап кылган 12-октябрга чейин 160 миңдей жер которгон палестиналыктын Газа тилкесинин түндүгүндөгү 57 UNRWA мектебине баш калкалаганы эске салынган отчетто, UNRWAнын жер которгондорго жардам жана коргоо көрсөтүү үчүн бул мектептерге жете албаганы, алардын муктаждыктары жана шарттары тууралуу маалыматы жок экендиги билдирилди.

Газадагы күйүүчү май кризисине байланыштуу болсо Израилдин 18-ноябрда 120 миң литр күйүүчү майдын киришине уруксат бергени жана анын эки күндө колдонулганы, уруксат берилген күйүүчү майдын күнүмдүк критикалык муктаждыктын жарымын гана камсыздай ала турганы баса белгиленген отчетто, эки күндө 120 миң литр күйүүчү май жеткирилери темасында UNRWAга маалымат берилгени айтылды.

Гуманитардык жардамга байланыштуу да 19-ноябрга карата «тамак-аш, суу, медициналык каражат жана башка негизги буюмдарды ташыган 200 UNRWA фурасы» менен бирге 1268 гуманитардык жүк ташуучу унаанын Рефах чек ара бекетинен Газага киргени маалымдалды.



Тектеш кабарлар