Газада электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашынан дагы 3 ымыркай чарчап калды

Газа тилкесинин түндүгүндөгү Кемал Адван ооруканасында күйүүчү майдын түгөнүп калышынын себебинен электр жарыгынын өчүрүлгөнү белгиленди.

2067641
Газада электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашынан дагы 3 ымыркай чарчап калды

Израилдин кол салуусу жана блокадасына кабылган Газа тилкесиндеги электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашынан улам дагы 3 эрте төрөлгөн баланын чарчап калгандыгы билдирилди.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAдагы кабарда, Газа тилкесинин түндүгүндөгү Кемал Адван ооруканасында күйүүчү майдын түгөнүп калышынын себебинен электр жарыгынын өчүрүлгөнү белгиленди.

Кабарда, электр жарыгы өчүрүлгөндөн кийин кычкылтек аппараттарынын токтоп калганы, натыйжада эрте төрөлгөн 3 ымыркайдын ооруканада каза болгондугу билдирилди.

Буга чейин Шифа ооруканасында ара төрөлгөн 4 ымыркайдын да ушундай эле себеп менен чарчап калгандыгы эске салынды.

Хамастын куралдуу канаты Изз ад-Дин ал-Кассам бригадалары Израилдин “палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Аль-Акса мечитине карай тынымсыз мыйзам бузууларына жооп кайтаруу” деген негиз менен 7-октябрда эртең менен кеңири чабуулду, Израил армиясы да Газа тилкесин абадан катуу бомбалоону баштаган.

Израилде 7-октябрдан берки кол салууларда 310дон ашууну аскер 1200 израилдиктин каза болгондугу, 5132 кишинин жараланганы кабарланды.

Газа өкмөтүнүн маалыматына караганда, Израилдин кол салууларында 7-октябрдан бери Газа тилкесинде 5 миң 840ы бала жана 3 миң 920сы аял 14 миң 128 киши каза тапты.

8-октябрдан бери чек арада Израиль армиясы менен Хизбулланын ортосундагы кагылышууларда 79 Хизбулла мүчөсү каза болду.

Израиль менен ХАМАС жаңжалга гуманитардык тыныгуу бере турган мунасанын 23-ноябрда күчүнө киришин кабыл алышты. Буга ылайык, кагылышууларга 4 күндүк гуманитардык тыныгуу берилет. ХАМАСтын колундагы 50 израилдик туткундун ордуна Израилдин түрмөлөрүндөгү 150 палестиналык бошотулат.



Тектеш кабарлар