Газа тилкесинде каза болгондордун саны көбөйүүдө

Газадагы өкмөт: "Израилдин кол салууларында каза болгондордун саны 828ге көбөйүп, 14 миң 128ге жетти. Каза тапкандардын 5 миң 840ы балдар, 3 миң 920сы аялдар" деп билдирди.

2067156
Газа тилкесинде каза болгондордун саны көбөйүүдө

7-октябрдан бери Израилдин катуу кол салууларына кабылган Газа тилкесинде абал оорлоп баратат.

Газадагы өкмөт: "Израилдин кол салууларында каза болгондордун саны 828ге көбөйүп, 14 миң 128ге жетти. Каза тапкандардын 5 миң 840ы балдар, 3 миң 920сы аялдар" деп билдирди.

Жаракат алгандардын санынын болсо 33 миңден ашканы кабарланган билдирүүдө, алардын 75 пайызын аялдар жана балдар түзгөнү айтылды.

Билдирүүдө Израилдин кол салууларында талкаланган имараттардын урандыларында же көчөлөрдө калган 4 миң 500ү аялдар жана балдар болгон 6 миң 800 кишинин дайынсыз жоголгондугу маалымдалып, Израилдин 46 күндүн ичинде 205 саламаттыкты сактоо кызматкерин, 22 жарандык коргонуу кызматкерин жана 62 журналистти өлтүргөндүгү баса белгиленди.



Тектеш кабарлар